Тазалык эрежелерин сактаңыз:
Балага дайым жаңы даярдалган тамак гана беришиӊиз керек. Тамак баланын саламаттыгына коркунуч туудурбашы зарыл. Наристе үчүн өзүнчө идиш-аяк бөлүп берип, таза кармаңыз. Баланы колун ар дайым жууганга көндүрүңүз.
Колуңузду самындап жууңуз:
- тамак даярдоонун алдында;
- наристени эмизүүдөн мурда;
- дааратканадан чыккандан соң;
- баланын шымын алмаштыргандан кийин;
- үй жаныбарларды кармасаңыз
Кошумча тамактын көлөмү
Жаш курагы | Тамактын коюулугу | Тамак берүү мезгили | Бир жолку тамактануудагы азыктын көлөмү |
6 айлык | Коюу ботко же пюре | күнүнө 3 жолудан кошумча тамак 2 жолу шам-шум эттирүү күнүнө 8 жолудан кем эмес бат-бат эмизуу | 2-3 аш кашык менен берип 10 аш кашыкка чейин жеткириңиз (150 мл) |
7-8 айлык | Үй-бүлөлүк дасторкондон майдаланган (тууралган, эзилген) тамак | күнүнө 3 жолудан кошумча тамак 2 жолу шам-шум эттирүү күнүнө 6 жолудан кем эмес бат-бат эмизуу | 12 аш кашык бериңиз (180 мл) |
9-11 айлык | Майдаланган же эзилген тамак. Баланын колуна тамактын бир кесимин, бөлүгүн берсеңиз дагы болот, өзүн жегенге үйрөтүңүз | күнүнө 3 жолудан кошумча тамак 2 жолу шам-шум эттирүү күнүнө 6 жолудан кем эмес бат-бат эмизуу | 15 аш кашык бериңиз (225 мл) |
12-23 айлык (2 жашка чейин) | Майдаланган же эзилген тамак | күнүнө 3 жолудан кошумча тамак 2 жолу шам-шум эттирүү күнүнө 6 жолудан кем эмес бат-бат | 20 аш кашык бериңиз (300 мл) |
Тамак берип же эмизип жаткан учурда — балага өзгөчө мээрим төгүп, эркелетүү керек. Бала көңүлү шат мезгилде тамакка табити жакшы болуп, жакшы жейт. Наристени уйкудан ойгонгондо тамактандыруу керек. Бала уйкусу келсе жана өтө ачка болсо дагы тамак жебей коёт.
Наристеге тамакты кантип жеш керек экендигин үйрөтүү керек. Ал жаңы азыктардын даамын татып, тамактын тоюмдуулугун биле баштайт. Наристе чайнаганды үйрөнүп, тамакты оозуна алып барып, жутканды үйрөнөт. Бала тамакты кантип оозго алып келип, кашык менен кеседен ичүүнү үйрөнүшү керек.
Баланын көзүнө тик карап, жылмаюу менен суроолоруна жооп бериңиз.
Ар түрдүү тамактарды жасап бериңиз, тамак даамдуу жана тоюмдуу болсо баланын табити ачылат.
Наристе тамакты жакшы чайнашы үчүн тамактын кичине кесимин бериңиз, анткени бала колу менен алып, өзү жегенге үйрөнүшү керек.
Наристе тамактанып жаткан учурда анын көңүлүн алагды кылбаңыз, болбосо анын тамакка болгон кызыгуусу жоголот.
Бала тамакты жеп бүткүчө жанынан чыкпаңыз. Аны эркелетип, кубаттап туруңуз. Наристеге ар түрдүү тамактарды жасап бериңиз.
Наристеге ар түрдүү тамактарды жасап бериңиз. Эгерде ал жаңы тамакты ичүүдөн баш тартса, тамактын даамын татытып көрүңүз жана бир нече ирет сунуштап көрүңүз. Өзүңүзгө бул тамак абдан жаккандыгын көрсөтүңүз.
Баланын көңүлүн алагды кылбай, ар дайым бир мез- гилде тамактандыруу анын табитин ачат.