Ата-энелерге . ҮЙДӨ ӨЗҮН-ӨЗҮ ТЕЙЛӨӨНҮН КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Түшүндүрмө.
Баланын өзүн-өзү тейлөө боюнча көндүмдөргө (кийинип жана чечине билүүсү, боюна кароосу, туалет менен пайдалануу, өз алдынча тамак иче алуусу, киринүү, жуунуу ж.б.) ээ болуусу түздөн-түз анын өзүнө-өзү баа берүүсүнө таасир берет, анын көз карандысыздыгынын жолундагы маанилүү кадам болуп эсептелет.
Өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүнө үйрөтүү балдардын курчап турган заттар жөнүндө түшүнүктөрүн жана билимдерин кеңейтүү маселелерин эффективдүүчечүүгө, сенсордук тарбия берүүгө, тилди өнүктүрүүгө, кылдат моторикага жана көрүү-мотордук координацияга, ошондой эле артынан туурап жана сөздүк нускама менен аракеттерди аткарууну, үлгүгө карап багыт алууну, аракеттин белгилүү бир ырааттуулугун сактоону билүүгө мүмкүндүк берет.
Өсүүсүнүн кадимки вариантында бала бир жаштан кийин өзүнө багытталган айрым аракеттерди жасай баштайт: шапкесин кийүү жана алуу, байпактарын, мээлейлерин чечүү, өзү кашык менен жана чыныдан тамак, суу иче алат. Бул көндүмдөргө бала аны караган чоңдорду тууроо аркылуу өзү ээ болот. Андан кийинки көндүмдөр деле аракеттин үлгүсүн көрсөтүп, туура натыйжаны кубаттаган жана каталарды көрсөтүп, баланы бир эле мезгилде өз аракеттерин контролдоого жана баалоого, үлгү менен салыштырууга окуткан чоңдордун түздөн-түз катышуусу менен калыптандырылат.
Өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү бар балдарда өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрү өзүнөн-өзү эле пайда болбойт. Мындай көндүмдөргө окутуу негизинде баланын ошол моментке болгон мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу жана жакынкы милдеттерге багыттоочу адистердин жана ата –энелердин ишинин бүтүндөй бир багытты түзөт. Мындай балдардын көндүмдөрү артынан тууроо, үлгүнү өздөштүрүү менен гана калыптанбайт, калыптанса дагы толук эмес. Мунун себептери көп: кыймылдоонун ар кандай бузулуулары,, угуу жана көрүү кабыл алуусунун, эмоционалдык-эрктик чөйрөнүн өзгөчөлүктөрү, программалаштыруунун жана контролдуктун функцияларынын өнүгүүсүнүн төмөнкү деңгээли, интеллектуалдык өнүгүүнүн бузулуусу.
Өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдарда өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүн калыптандыруу алар жана алардын ата-энелери үчүн турмуштук зарылдык болуп эсептелинет. Биздин милдет –бул балдарга күндөлүк турмушунда көз карандысыздыкка жана өз алдынчалыкка ээ болууга жардам берүү.
Үйрөтүүнүн максаттары:
-өнүгүүсү өзгөчөлүктүү балдардын өзүн-өзү тейлөөнүн ар кандай көндүмдөрүн өздөштүрүүдө өз алдынчалыктын жогорку даражасына жетүү;
-ата-энелерди өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүн калыптандыруунун программалары боюнча окутуу.
Дарылоо педагогикасынын Борборунун (Москва) ишинин тажрыйбасында иштелип чыккан жана сунуш кылынып жаткан программа өнүгүүсүнүн ар кандай бузулуулары бар балдарды окутууга мүмкүнчүлүк берет. Балдардын конкреттүү өзгөчөлүктөрүн жана өнүгүүсүнүн деңгээлин эске алуу менен, педагогодор программадан окутуу үчүн ыдайыктуу бөлүктөрдү тандап ала алышат.
Программанын негизинде америкалык психологдор ( Брюс Л. Бейкер, Алан Дж. Брайтман, “Көз каранды эместикке жол”) тарабынан иштелип чыккан кадамдык окутуу системасы жатат. Кадамдык системаны артыкчылыгы өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар баланы тез жана эффективдүү түрдө “кадимки өнүгүүдө ушул көндүм калыптана турган так ошол көлөмдө жана ошол куракта” үйрөтүүгө мүикүндүк берет. Бул үчүн ушул берилген көндүмдүн ичинде бала өз алдынча аткара ала турган кандайдыр –бир кийинки кичине кадамды жасай ала турган деңгээли аныкталат. Кызыктыруу системалары пайдаланылат (көңүл буруу, тамак менен, -жакшы көргөн тамагы же суусундугу, сүйүктүү оюну ж.б.) Ар бир көндүм үчүн ырааттуу кадамдар- жөнөкөйдөн татаалды карай жазылган. Чоңдордун көндүмдүн ичиндеги кыймылдарды өздөштүрүүсүнө жараша жардамынын көлөмү кичирейет, физикалык жардамдан жаңсоого өтөт, андан кийин- нускамаларга өтөт.
Окутуунун милдеттери:
-беоилген көндүмдүн өнүгүүсүнүн күндөлүк деңгээлин аныктоо
-жакынкы кадамдарды аныктоо;
-ар бир кадамдын ичиндеги көндүмгө жатыгуу
— кызыктыруу жана контролдоо системаларын иштеп чыгуу;
-натыйжаларды ата-энелер менен талкуулоо.
Иштин формалары :
-жекече ( айрым операциялар иштетилет);
-топтук ( бул көндүмдү ишке ашыруунун объективдүү шарттары түзүлөт; баланын жүрүш-турушу бардык топ үчүн жалпы эрежеге баш ийдирилет; андан тышкары, тууроо механизми иштейт).
Көндүмдөргө үйрөтүү боюнча айрым милдеттерди эрте жашынан баштап чеч баштаса болот. Бул учурда ата-энелер үйдө иштешет , ал эми педагог программанын өтүшүнө контролдук кылат. Демейда балдар 4 жаш курагынан тартып Дарылоо педагогикасынын Борборундагы сабактарга катыша баштаган мезгилде, алардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү таптакыр калыптанган эмес же өтө кичине көлөмдө, жарым –жартылай калыптанган.
Бир топтогу балдардын саны 5 тен ( өнүгүүсүнүн көптөгөн бузулуулары жана терең акыл-эстик артта калуулары менен) 8-9 адамга чейин( эмоционалдык-эрктик бузулуулары жана психомотрдук жана тилдик өнүгүүсүнүн кечигүүсү менен). Мындай сандык курам топтук иштин учурунда балдардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүнчүлүк берет. Жыл ичинде топтогу балдардын курамы эреже катары, өзгөрүлбөйт.
Бир сабактын мейли жекече, мейли топто болсун, узактыгы 30 минут. Сабактар жумасына 1-2 жолу өткөрүлөт.
Ишмердиктин негизги багыттары
- Ата-энелер менен иштөө:
-ата-энелердеги кызыкчылыкты түзүү: эмне үчүн биз өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүн калыптандырууга көп көңүл буруп жаткандыгыбыз жөнүндө аңгемелешүүлөр, жүрү-туруштардагы өзгөрүүлөрдү талкуулоо, үйрөтүү учурундагы баланы өз кабылдоосу жөнүндө, баланын баштапкы этаптагы , ортосундагы, жана окутуунун аягындагы билүүлөрүн баалоо (видеоматериалдарды тартуу менен).
-“өзүн-өзү тейлөө” түшүнүгүнүн мааниси жагынан талкуулоо, бул багыттагы атайын иштин зарылдыгы, ата-энелердин программа менен тааныштыруу;
-ар бир көндүмдүн калыптангандыгынын деңгээлин аныктоочу сурамжылоо барактарын ата-энелердин толтурушу (3-тиркеме)
-ата-энелер менен бирдикте көндүмдү калыптандыруудагы кийинки кадамды аныктоо (2 –тиркеме), бул кадамды үйдө жатыктыруу үчүн нускама берүү (1-тиркеме).
-ата-энелерге кеңеш берүү үчүн сабактардын үйдөгү видеожазуусун пайдалануу;
-бул көндүмгө балдарды үйрөтүү үчүн ата-=энелердин көзүнчө практикалык иш жүргүзүү;
-иштин натыйжаларын ата-энелер менен бирдикте талкуулоо; (4-тиркеме);
-көндүмдөрдү калыптандырууда келип чыгуучу проблемаларды жана кыйнңйңынчылыктарды талкуулоо ( “Өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө үйрөтүүдөгү негизги проблемалар жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору” таблицасы). Программа боюгнча ийгиликтүү жылыштын бир баланын мисалында баалоо. Ата-энелердин чыгармачылык активдүүлүгүн ойготуу менен ар балада көндүмдөрдү калыптандыруунун жекече жолун издөө.(мисалы, өнүгүүсүнүн көптөгөн бузулууларыа бар баланы үйрөтүүнүн ийгиликтүү табыган ыкмасы жөнүндөгү аңгеме).
- Бала менен иштөө
Балдар менен иштөөдөгү педагогдун жардам берүүсүнүн деңгээлдери:
-бала менен “колмо-кол” аткарылуучу, кадам боюнча нускама же кыймылдарды комментарийлөөчү биргелешкен аракет;
-аракет менен жарым-жартылай жардам берүү (акыркы кыймылды бала өзү жасайт):
-педагого кыймылды баштоого жардам берет, бала болсо чоңдордун контролдугу менен улантат жана аны аягына чыгат;
-бала кыймылды өзү башынан аягына чейин педагогдун кадамдык нускамасына таянуу менен аткарат;
-бала эгерде аракеттин программасы предметтик деңгээлге чыгарылган болсо, аракетти өзү аткарат (мисалы, кийинүүдө ар бир стулда керектүү тартипте кийимдин бирден предмети жатат).
-бала аракетти толугу менен өз алдынча ишке ашырат.
ӨНҮГҮҮСҮНҮН АР КАНДАЙ БУЗУЛУУЛАРЫ БАР БАЛДАРДАГЫ КӨНДҮМДӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
- Эмоционалдык-эрктик чөйрөсүнүн бузулуулары бар балдар
Социалдык –тиричиликтик көндүмдөргө үйрөтүүнүн татаалдыгы контакттын бузулуулары, өз эрки менен көңүл топтоонун жана коркуунун орун алышы менен байланышкан. Көндүмгө ээ болуу башка кырдаалга кыйынчылык менен которулат. Ийгиликсиздик ордунан чыкпай калган аракетти кайра кайталоодо каршылыкты туудурушу мүмкүн. Ошондуктан балада ийгилик сезимин пайда кылуу, көндүмдөрдү үйрөтүүгө көнүп калган сүйүктүү иштери кошуу, күндүн “көзгө көрүнөө уюштуруусун “ ырааттама түрүндө уюштуруу, баланын айланасында ал эмне кылышы керек экендигин ачык көрсөткөн мейкиндик түзүү өтө маанилүү. (Никольская О.С. ж.б. “Аутичный ребенок. Пути помощи”).
2.Акыл-эсинин артта калуусу ачык байкалган (оор) балдар.
Балдардын бул тобу менен иштөөдө психикалык процесстердин инерттүүлүгүн, берилип жаткан маалымат менен баланын жооп катары реакциясынын чоң латенттүү мезгилин , көп байкалган кыймылдык проблемаларын эске алуу керек. Ушуга байланыштуу көндүмдөрдү калыптандыруу жай темпте, бир эле кыймылды көп жолу кайталоо менен жүргүзүлүшү керек. Тулкуну туура кармоону тандап алуу маанилүү, мисалы кийинүү, тамак ичүү үчүн.
Демейде мындай топтун балдары үчүн көндүмдар узак убакыт бою педагог менен “колмо-кол” жүргүзүлүп жатыктырылат, педагог болуп жатканга баланын көңүлүн максималдуу буруу менен балага аракетти аткарууну физикалык жардам берет, баланын кыймылдарын багыттайт, аларды координациялайт. Мисалы, кашык менен өз алдынча жегенди үйрөтүүдө , чоң адам өз колу менен баланын колун кошо кармап, кыймылга жатыктырат. Акырындап физикалык жардам азайтылат.
3.Борбордук нерв системасы органикалык жабыркаган, анын ичинде гидроцефалия, кыймылдарынын ачык байкалуучу бузулуулары менен балдардын церебралдык шал оорусу, эпилепсия жана эписиндрому менен балдар.
Бул жерде зор көңүл ата-энелерге кеңештерди берүүгө, реабилитациялоонун адекватту техникалык каражаттарын тандоого (коляскалар, вертикализаторлор, атайын ылайыкташмалар, идиш аяк ж.б.) мейкиндикти уюштуруу, баланын кыймылдуу мүмкүнчүлүктөрү абдан жакшы түрдө ишке ашырыла турган тулкунунун абалын тандоого бөлүнөт. Үйрөтүү абдан жай темпте, балага өз активдүүлүгүн ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берүүчү тыныгуулары менен жүргүзүлөт.
4. Өнүгүүсүнүн эки же андан көп, көп учурларда сенсордук бузулуулары бар балдар (угуусунун, көрүүсүнүн, сезгичтигинин).
Көндүмдөрдү калыптандырууда орун алган сенсордук жетишсиздикти эске алуу зарыл. Мисалы,көрүүсү начар балдар менен иштөөдө мейкиндикти так структуралаштырып, предметтик ырааттаманы пайдалануу керек ( боло турган сабакты билдирүүчү ар кандай символ-предметтери менен чөнөкчөлөр). Угуусу начар балдар менен иштөөдө көрүү кабыл алуусун активдүүрөөк иштетүү ( картинкалар, пиктограммалар, предметтер-символдор, баланын деңгээлине жараша).
5. Мээнин минималдуу дисфункциясы менен мектепке чейинки жана кенже мектептик курактагы балдар
Иш предметтик деңгээлдеги программа боюнча жүргүзүлөт (реалдуу предметтер же аны алмаштыргычтар, предметтер –символдор) же символикалык ( картинкалар жана пиктограммалардын жарадамы менен түзүлгөн ырааттама). Балдарды берилген программа боюнча ырааттуу иштөөгө, ар бир аракетти контролдоого, берилген жагдай талап кылган объективдүү талаптарга өз жүрүш-туруштарын баш ийдирүүгө үйрөтүшөт.
6.Ар кандай себептерден келип чыккан жана байкалуу даражалары ар түрдүү болгон сүйлөө жана интеллектуалдык процесстеринин калыптануусунун жана иштөөсүнүн бузулуулары бар 0дөн 3жашка чейинки балдар
Үйрөтүүнүн негизги түрү –ата-энелердин бала менен үйүндө иштөөсү. Педагог программаны өздөштүрүүсүнө контролдук кылат, мезгил-мезгили менен практикалык сабактарды айкалышытырып . консультациялоону жүргүзөт.
Программаны ишке ашыруунун шарттары
Тиричиликтик көндүмдөргө үйрөтүүнүн процессин уюштурууда мейкиндикти, жумушчу орунду , тирчиликтик жана атайын предметтерди туура уюштуруу зарыл:
- Өз алдынча кийинүү жана чечинүүнү билүүнү калыптандыруу үчүн –кийим жана бут кийим үчүн шкафчалар, балдар үчүн бийиктиги боюнча ыңгайлуу отургуч-банкеткалар же стулдар,тиешелүү кийимдин болушу(эреже катары сезондук) кийимдердин айрым түрлөрүнүн сүрөтү менен кийинүүнүн сүрөт менен көрсөтүлгөн планы;
- Өз алдынча тамак ичүүнү үйрөтүү үчүн –суу өткөрбөс чоң фартуктар; сабына атайын кийгизгичтери бар кашыктар жана аш айрылар, чапталгычтуу бир капталы бийик тарелкалар (болушуна жараша); эки саптуу кружкелер, столдун бийиктигине ылайыктуу стул жана бут койгуч (бала тамак ичүү маалында буттарын шалактатпай, таянычка койгондой); тамактын айрым түрлөрүнүн сүрөтү тартылган карточкалар;
- -туалет менен пайдалана билүүнү калыптандыруу үчүн – каптал дубалга орнотулган балдардын отуруп туруусуна жардам берүүчү кармагычтар; таканчык үчүн бут койгуч; унитаз үчүн ар кандай отургучтардын топтому;
- Жуунуну билүү жана өзүн кароону билүүнү калыптандыруу үчүн – жуунууга керектүү нерселердин топтому, жеңил ачыла турган крандын туткасы; баланын боюна ылайык орнотулган күзгү.
Өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүнө үйрөтүүдө келип чыгуучу негизги проблемалар жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору
Негизги проблемалар жана кыйынчылыктар
- Ата-энелердин төмөнкү мотивациясы, толук камкордук өңүт, мамлилелердин калыптанган стереотиби ( Ата-энелерге өзүлөрүнүн жасаганы оңойураак, алар өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүнө үйрөтүүнүн кажети жок деп эсептешет, айрыкча бул кыймылдык жана таануу чөйрөсүндөгү олуттуу бузулуулары бар балдарга тиешелүү)
- Баланын мотивациясынын төмөндүгү
- Баланын жалпы эрежелерге баш ийгиси келбегендигине байланышкан жүрүм-турумдук проблемалар ( үйгө кетүү мезгили келди, бардыгы кийинип жатат, ал эми баланын кеткиси келбейт, негативдик жүрүм-турумду көрсөтөт) же жүрүш-турушунун калыптанган стереотиби бар ( баланын кыймылдык чектөөлөрү жок, бирок кашыкты колуна албайт, мурдагыдай эле апасы тамактандырганды каалайт).
- Үй-бүлөдө балага көндүмдөрдү үйрөтүү маселеси боюнча ар түрдүү талаптардын коюлушу
- Кыймылдык сферага байланышкан кыйынчылыктар ( бойду кармап туруунун, координациянын проблемалары, майда моториканын бузулуулары ж.б.)
- Балада кыймылдык сферада бузулуулар жок, бирок денесинин калыптануусуна байланышкан кыйынчылыктар бар жана айрыкча жарым шарлар ортосундагы өз ара аракет боюнча ( көрүү талааларынын бир бөлүгүндөгү тануулар, дененин схемасын толук калыптанган эмес, дененин жогорку жарымы төмөнкүсүнөн “бөлөкчө”, кайчылаш кыймылдар калыптанган эмес). Мисалы бала батинкелерн кийгенде колдорун пайдаланбайт, багалектерине буттарын киргизе албайт.
Коррекциялоонун жолдору
Ата- энелер менен туруктуу кайтарым байланыш, баланын жетишкендиктери боюнча маалымат алмашуу.Ата-энелер менен бирдикте сабактарды өтүү, педагог бала менен ата-энелердин көзүнчө конкреттүү көндүмдү иштетет,андан кийин бир нече сабактан кийин пелагогдун ордун ата-эне ээлейт.
Ата-энелердин тобунда өнүгүүсүнүн ар кандай бузулуулары бар балдарды өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө үйрөтүү боюнча талкуулоо. Көндүмгө ийгиликтүү үйрөтүүгө жардам берүүчү ар кандай ылайыктамаларды биргелешип издөө.
Мотивди түзүү жана аны такай бекемдеп туруу: “ Кийинсең эле көчөгө шарик үйлөгөнү барабыз” же “Күрмөңдү өзүң кийсең (шымды ж.б) шарик чыгарганы барабыз” .Педагого баланын алдына маселени коет жана аны аракет кылууга сөздөрү жана жаңдоолор менен ойготуп, бала аны качан чечрээрин чыдамдуулук менен күтөт.
Так чегараларын түзүү:
а) мейкиндиктик-
чечинүүчү бөлмөдө кийинебиз, ал эми кыйкырууга коңшу бөлмөдө руксат;
б) убактылуу -15 мин. ойнойсуң, андан кийин кийинесиң (эгерде балага дароо кетүү кыйын болсо, анда ага башка жагдайга акырын кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек).
Башка жагдайда көндүмдөрдү кайталоо , стереотипти өзгөртүү (үйдөн башка жерде кашык менен жегенге үйрөтүү: мейманчылоо, лагерге баруу). Бул балага башка балдардын кандай жеп жаткандыгына байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, тууроо механизми ишке кирет.
Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн баланын азыркы учурда кайсы кадамды кайталап жаткандыгы менен тааныштыруу, ага жардамдын кандай түрү керек, бала өз алдынча кайсы аракеттерди аткара алат (педагого ата-энелерге кеңеш берет).
Педагог кыймыл терапиясы боюнча адис, эрготерапевт менен бала үчүн туура позаны тандайт, ата-энелерди балага зарыл болгон техникалык реабилитация боюнча каражаттарды тандоо боюнча кеңештерди берет. (вертикализаторлор, коляскалар, жантык такталар) ошондой эле атайын идиш аякты жана туалет үчүн ылайыкташмаларды.
Дененин схемасын калыптандырууга, көрүү-мотордук координацияны, колдордун жана буттардын координацияланган иштөөсүн өнүктүрүүгө багытталган, физикалык терапевт жана нейропсихолог иштеп чыккан атайын сабактар.
Педагог бала менен иштейт жана ата-энелерге кеңештерди берет.
Сабактар буттарга же колдорго көңүл бурууга, колдордун же буттардын өз ара аракеттенишине багытталган( колдордун жана буттардын сенсордук стимуляциясы, аттап өтүү, алкакка буту менен кирүү, кармоо функциясын стимулдаштыруу, колдордун дифференциялуу кыймылдары)
Өзүн-өзү тейлөөнүн базалык көндүмдөрү
Программа боюнча сабактардын башталышына чейин баланын элементардык базалык көндүмдөрү болсо, (тыкандык, тамак ичүү, кийинүү жана чечинүү) үйрөтүү бир кыйла эффективдүү болот.
Тыкандык көндүмдөрү
Физиологиялык процесстер ( табарсыкты жана жоон ичегинин бошотуу) ырааттуу мүнөзгө ээ болуусу маанилүү б.а. баланын стулу дайыма болуп, күн бою жетишерлик убакыт (бир сааттан ашык) кургак болушу керек. Ошондой эле бала өзүнөн бир нерсе тышка чыгып жаткандыгын сезүүсү жана бул жөнүндө чоңдорго жаңдоо же сөз менен билдирүүсү зарыл. Эгерде бул өтө жөнөкөй көндүмдөр толугу менен же бир бөлүгүндө калыптанган эмес болсо, анда ата-энелерге төмөнкү аракеттер сунуш кылынат:
- Бала күндүн бир бөлүгүн памперси жок жүрүшү зарыл.
- Ата –энелер тиешелүү аракеттерди “пи-пи”, “а-а” деген сөздөр менен белгилеши керек.
- Балагы күлтүккө көнүүгө мүмкүндүк берүү.
Тамак ичүү боюнча көндүмдөр
Тамакты өз алдынча ичүүнүн көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн, бала адегенде төмөнкүлөрдү жасаганга үйрөтүүсү керек:
- Башы, жаактары , тили жана эриндери менен эркин кыймылдарды жасоого.
- Бөтөлкөнү колу менен алууга.
- Жарым –жартылай майдаланган тамакты чайнап жана жутууга.
- Эгерде чоңдор баланын колуна тамакты салса, кармап турууга.
- Тамактын кесимдерин өз алдына алууга.
Кийинүүнүн жана чечинүүнүн көндүмдөрү
Бул көндүмдөр дайыма бир канча даражада кыймылдоо функцияларынын өнүктүрүүнү талап кылат. Баланы предметти алууга кол сунууну, кармап жана андан кийин кое берүүнү үйрөтүү зарыл. Ошондой эле тең салмакты кармоо жөндөмдүүлүгү маанилүү. Балага төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүндүк берүү керек:
- Өзүн кийинтүүг жана чечинтүүгө колдордун тиешелүү кыймылдары менен жардам кылууга;
- Байпагын, чечүүгө, башынан жарым-жартылай чечилген көйнөктү , шапкени чечүүгө.
ПРОГРАММА БОЮНЧА ИШТИН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ
Көндүмдү калыптандыруу жолу боюнча позитивдүү жылыштарды өнүктүрүүнү төмөнкү критерийлер боюнча баалоого болот:
1.Ушул көндүмдү өнүктүрүүнүн абалын баяндаган мурдагы өңүттөн кийинки өңүткө которулуу (2-тиркеме)
- Педагогдун жардамынын кадамдык кыскаруусу ( Педагогдун жардамынын деңгээлдери 8 с. кара).
- Кийинки анкеталарды жана сурамжылоо барактарынын мурдагылар менен салыштыруунун оң жыйынтыгы ( 3-4 –тиркемелер)
- Адистер менен ата-энелердин ортосундагы шериктештик маммилелерди, программа боюнча ишти талкуулоонун диалогун орнотуу.
Дарылоо педагогика борборунда бул программа боюнча иштин натыйжалары МКФ нын негизинде иштелип чыккан , “Тиричиликтик көндүмдөр жана өзүн-өзү тейлөө” бөлүгүндөгү баланын динамикалык байкоолоорунун картасында ар бир үч айда жазылып турат.
1-тиркеме
Идиштен ичүүнүн көндүмүн калыптандыруу боюнча программанын варианты
Ушул көндүмгө үйрөтүүгө киришүү үчүн , сиз кармап турган идиштен бала ичкенди билиши керек.
Бала колу менен кармай ала турган, пластмассадан жасалган жетишерлик ичке идиш же стаканды пайдалангыла.
Сиздин балаңыздын сүйүктүү ичимдиги менен идишти чейрегине чейин толтургула. Жутуусу оор болгон балдар үчүн коюуураак ичимдиктерди сунуш кылуу керек (кефир, кисель ж.б).
Адегенде сиздин пикир боюнча, бала суусаган мезгилде, жана сиздин убактыңыз барда баштоо туура болот.
Суусундуктун өзү эле балага мактоо менен катар жетиштүү сыйакы катары болушу керектигин белгилей кетели.
Үйрөтүү эки этап менен жүргүзүлөт.
1-этап
Үйрөтүүнүн бүткүл жүрүшүндө баланын артында туруңуз. Анын колу менен анын идишин карматып, үстүнөн өзүңүздүн колду коюуңуз. Төмөнкү кыймылдарды биринин артынан экинчисин жасагыла:
- Идишти анын оозуна алып келгиле.
- Идишти кыйшайтып, балага бир жутумду жасоого мүмкүндүк бергиле.
- Идишти столдун үстүнө койгула.
- Столдон анын колун алгыла. “Азамат! Сен идиштен ичип жатасың!” деп айткыла.
Сиз программанын экинчи бөлүгүнө өтөөрдөн мурда бала идишти колуна бекем
кармай ала тургандыгына ынаныңыз. Идиштен ичүүдө кыймылдардын ырааттуулугу кандай болушу керек экендигин ал түшүнгөндөн кийин, программанын экинчи этабына өтүңүз жана анын ар бир кадамына кайталагыла.
2 –этап
Бала бир кадамды өздөштүргөндөн кийин жана кийинки сабактарда зарыл болгон кыймылдарды сиздин жарамаыңызсыз эле ийгиликтүү аткара алса, анда кийинки кадамга өткүлө.
- Программанын биринчи бөлүгүндө сиз жасагандай эле, баланын колун идиш столго тийгенге чейин багыттап туруңуз. Ушул моментте сиз колуңузду алыңыз жана идишти столго койдуруп, аны процессти өзүнө аяктаганга мүмкүндүк бериңиз.Бул анын өз алдынча ичүүгө болгон көндүмгө ээ болуусунун биринчи кадамы болот.
- Идишти столго алып келе жатып, жолдун төрттөн үчүн өткөндөн кийин колуңузду тартып алыңыз.
- Баланын өзүнө кыймылды бүткөрүүгө руксат берүү менен өз колуңузду акырындап тартып алыңыз.
- Бала бир жуткандан кийин колуңузду дароо тартып алыңыз жана агы идишти столго өзү койгонго мүмкүндүк бериңиз. Эми ал идиштен ичүүнүн экинчи жарымын өздөштүрүп алды.
- Бала идишти оозуна жеткиргенче жардам бериңиз. Эми колуңузду тартып алыңыз. Ага идишти өз алдынча жантайтып, жутууга мүмкүндүк бериңиз. Идишти столго алып келип өзү кое алат.
- Балага идиш оозуна жакындаганга чейин алып келүүгө жардамдашыңыз. Колуңузду тартып алыңыз жана ага оозуна өзү жеткирип, бир жутканга мүмкүндүк бериңиз. Бул учурда дагы идишти столго өзү кое алат.
- Бала бардык кыймылдарды өз алдынча үйрөнгөнгө чейин уламдан улам азыраак жардам берүүнү уланта бериңиз.
Экинчи этапты идишти кармаганды үйрөтүүдөн, б.а. тескерисиче тартипте көндүрө баштаса болот.
2 –тиркеме
Өзүн-өзү тейлөөнүн көндүмдөрүнө ээ болуу боюнча кадамдык кыймылдардын баяндамасы.
Идиштер иче алат
- Идишти такыр кармай албайт
- Идишти кармап иче алат, эгерде процесстин бүткүл жүрүшүндө ага физикалык жардам бере турган болсоңуз.
- Сиз ага идиштен бир жутканга жардам бердиңиз жана оозунан столго чейин жолдун бир бөлүгүн аны менен бирге алып өткөндөн кийин идишти столго коет.
- Ага идиштен бир жутканга жардам бергенден кийин аны столго коет.
- Ага сиз столдон оозуна чейинки жолдун бир бөлүгүнөн алып келүүгө жардам бергенден кийи ал идиштен ичет жана андан кийин аны өзү столго коет.
- Идишти сиз столдон өйдө кылганга жардам бергенден кийин анда ичет жана өзү столго кое алат.
- Идиштер толугу менен өз бетинче иче алат.
- Ар кандай идиштерден жана стакандардан толугу менен өз алдынча иче алат.
Кашык менен ичет
- Кашык менен таптакыр иче албайт
- Сиз ага жардам бергенде кашыкты оозуна алып келет
- Кашыкты сиз толтуруп жана жолдун бир бөлүгнөн алып өтүүгө жардам бергенден кийин кашыкты оозуна алып келет.
- Кашыкты сиз толтуруп жана жолдун бир бөлүгнөн алып өтүүгө жардам бергенден кийин кашыкты оозуна алып келет жана аны столго ылдый түшүрөт.
- Кашыкты сиз толтургандан кийин өзү оозуна чейин алып келет, андан кийин кайра тарелкага түшүрөт;
- Өзү ичет, сиз агы кашыкты толтурууга гана жардам бересиз.
- З алдынча жумшак гана тамакты кашык менен жей алат ( эзилген картөшкө,сулу ботко, кабак ж.б.).
- Суюк тамакты кашык менен иче алат.
Аш айры менен жей алат
- Аш айры менен таптакыр жей албайт.
- Аш айрыны кашык сымал колдонот ( б.а. айтканда ага тамакты кашыкка салгандай кылат).
- Сиздин физикалык жардамыңыз менен аш айрыга тамактын бир бөлүгүн саят.
- Сиздин сөз менен жардамыңыз аркылуу аш айрыга тамактын бир бөлүгүн саят.
- Жумшак тамакты аш айры менен толугу менен өз бетинче же алат.
- Ар кандай тамакты аш айры менен толугу менен өз бетинче же алат.
Бычак менен сыпай алат
- Бычак менен таптакыр сыйпай албайт.
- Нандын бир сындырымына сиздин физикалык жардамыңыз менен сыйпай алат.
- Нандын бүткүл сындырымына сиздин жардамыңыз менен сыйпай алат.
- Сиз сураган нандын бөлүгүнө сыйпай алат.
- Сиздин сөз менен көрсөтмөлөрүңүз боюнча джем менен нандын бардык сындырымын сиз ага джемди салып бергенден кийин сыйпай алат.
- Джемди нанга салат жана сиздин карооңуз менен сыйпайт.
- Нандын бир сындырымын жана джемди алат жана толугу менен өз бетинче өзүнө бутерброд жасай алат.
Бычак менен кесе алат
- Бычак менен таптакыр кесе албайт
- Сиздин жардамыңыз менен тамакты сиз баштап бергенден кийин кесүүнү аяктайт.
- Бычак менен башталгандан аягына чейин сиздин жардамыңыз менен кесет.
- Тамактын бир кесимин башынан аягына чейин өз алдынча кесет ( сиз тамакты аш айры менен кармап турууга жардам бересиз).
- Аш айрыны сиз сайып бергенден кийин бекем кармайт, жана бир эле мезгилде бычак менен кесет.
- Сиз ошону жаса деп суранганда, аш айры менен тамакты өзү сайып, толугу менен өзү кесет.
- Тамакты кесүү үчүн бычак менен эч кандай эскертүүсүз толугу менен өз алдынча пайдаланат.
Байпагын кие алат
- Байпагын кие албайт.
- Байпагын шыйрагынан өйдө тартат.
- Байпагын согончогунан өйдө тартат.
- Буттарынын манчаларына кийгизген байпагын өйдө тартат
- Байпакты өзү кие алат жана бул учурда согончогун туура киет.
Жемпир же футболканы кие алат
- Футболканы кие албайт.
- Сиз башына кигизип бергенден кийин футболканы өзү кийип баштайт.
- Ал башын футболканын оюугуна киргизет, аны колдорун сиз киргизесиз, андан кийин ал футболкасын белине чейин кийет.
- Башын футболканын оюгуна киргизет жана бир колун жеңине киргизет.
- Башын футболканын оюгуна киргизет жана эки колун тең жеңине киргизет.
- Сиз бергенден кийин футболканы киет.
- Футболканы өзү алат жана толугу менен өз алдынча аны киет.
Шымды чече алат (мурдатан топчулугу чечилген)
- Шымды чечкенди билбейт.
- Сиз бир багалегин чечкенден кийин багалегин бир бутунан тартат.
- Отуруп алып, шыйрагына чейин түшүрүлгөн шымын өз алдынча эки бутунан шыпырат
- Отуруп алып, тизесинен ылдый түшүрүлгөн шымын өз алдынча эки бутунан шыпырат
- Тизесинен жогору турган жерден баштап шымын түшүрөт, андан кийин отуруп алып аларды чечет.
- Шымын жамбашынын ортосунан төмөнгө чейин түшүрөт жана андан кийин чечет.
- Шымын жамбашынын ортосунан төмөнгө чейин түшүрөт жана андан кийин толугу менен чечет.
- Шымын сиздин карооңуз менен өзү чечет.
- Шымын сиздин карооңузда толугу менен өзү чечет.
Шымын кие алат
- Шымын кие албайт.
- Шымын сиз жамбашына чейин жеткирип бергенден кийин, белине чейин алып барат.
- Шымын сиз жамбашынын ортосуна чейин жеткирип бергенден кийин, белине чейин алып барат.
- Шымын сиз эки багалегине кийгизип бергенден кийин, белине чейин алып барат.
- 4.Шымын өз бетинче кие алат.
Алдынан топчулана турган күрмөнү, көйнөктү жана пальтону кие алат.
(топчулабай)
- Алдынан топчулана турган күрмөнү, көйнөктү жана пальтону кие албайт.
- Сиз эки колун жеңине кигизгенден кийин эки этегин бир бирине жакындатат.
- Бир жеңине колун сиз салып бергенден кийин, колун экинчи жеңинен өткөрөт.
- Сиз чечилген көйнөктү кармап турганда эки колун тең жеңине киргизет.
- Даярдалган чечилген көйнөктү алат жана бир жеңине колун кийгизет.
- Даярдалган чечилген көйнөктү алат жана эки жеңине тең колун кийгизет.
- Даярдалган көйнөктө толугу менен кийет.
- Көйнөктү жашиктен же илгичтен алат жана аны киет.
Батинкесин киет
(боосун байлабай)
- Өзү кие албайт.
- Апкытын согончогуна сиз кийгизип бергенден кийин бутун батинкеге сунат.
- Батинкеге сиз анын манчаларын кийргизгенден кийин, апкытын согончогуна тартат.
- Батинкеге бутуну манчаларын сиз батинкени анын колуна бергенден кийин киргизет.
- Сиз качан батинкесин бергенде өзү киет
- Батикесин киет.
- Оң жана сол буттарын алмаштырбастан батинкесин өзү киет.
- Батинкесин өзү киет жана аларды чаптамалары менен бекитет.
Сыдырмасын сыдырат.
- Сыдырманы сыдыра албайт.
- сыдырманы сиз этегинен бириктирип, төшүнө чейин тартып бергенден кийин сыдырманы сыдырып бүтөт (бул учурда сиз аны ылдый жагынан кармап турасыз).
- сыдырманы сиз этегинен бириктирип бергенден кийин сыдырманы сыдырып бүтөт (бул учурда сиз аны ылдый жагынан кармап турасыз).
- Сыдырманы сиз этегинен бириктирип бергенден кийин бир колу менен сыдырманын ылдый жагын кармап, аны башка колу менен сыдырат.
Ошондой эле башка көндүмдөр боюнча кадамдар дагы жазылып берилет.(тыкандыктын, өз алдынча жуунуу, чоңдорго үй оокатка жардам берүү ж.б.).
3-тиркеме
Ата-энелер үчүн анкета
Баланын аты-жөнү
Курагы
Төмөндө келтирилген суроолорго таянуу менен үйдө тамактандыруу, кийиндирүү жана туалетке үйрөтүү процесстери кандай жүрөөрү жөнүндө мүмкүн болушунча толугураак баяндап бергиле.
Өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү:
Тамактандыруу
а) Бала кандай консистенциядагы тамакты жей алат (пюре сымал, жарым-жартылай сүргүчтөн өткөрүлгөн, кол менен ала турган).
б) бала атамкты бөтөлкөдөн ичет же аны кашык менен тамактандырышат;
в) бала процесске канчалык активдүү камтылган ( колдорун бөтөлкөдө кармайт, кашыкты жардам менен кармайт, кашыкты өз алдынча кармайт, туура кармай алат);
г)тамактын майда бөлүктөрүн колуна алып жей алабы;
д) тиштеп үзө алабы;
е) бөтөлөдөн же идиштен ичет ( жардам менен же өз алдынча).
Кийинүү
а) Бала кийинүү процессине канчалык атышат- өзүн кийинтүүгө же чечинтүүгө колдорунун же буттарынын тиешелүү кыймылдары менен жардам бере алабы;
б)шапкесин чечет;
в) байпагын чечет жана жарым-жартылай башынан чечилген көйнөгүн чеч алат;
г) байланбаган бут кийимин чече алат;
д) шапкесин киет;
е) байпагын, кенен бут кийимди киет.
Тыкандыктын көндүмдөрү
а) памперстер менен пайдаланат же памперстери алынып салынган ( күндүзгү мезгилде, биротоло);
б) өз стулун контролдойт (бала ар күнү бир эле убакта туалетке барат);
в) күн бою жетишерлик такай кургак боло алабы;
г) Туалетке баргысы келгенин жаңдап көрсөтө алабы;
д) өзүнүн каалаганын сөз менен айтып туалетке суранабы;
е) туалетте шымын өзү түшүрө алабы;
ж) чоңдордун жетектемеси менен туалетке барат.
Өзүн кароо
А) суудагы оюн менен ырахаттанат;
Б) Жууганга катышат үана сүртүнөт;
В) тиштерин тазалоого мүмкүндүк берет;
Г) кранды ачууга умтулат, кранды ача алат;
Д) чоңдордун уюштуруучу жардам ы керек же ишти өз алдынча жасай алат.
4-тиркеме
Балада өзүн-өзү тейлөөнү калыптандыруунун натыйжалары
Баланын аты-жөнү, курагы
Көндүмдөрү Сентябрь Январь Май
Кеседен ичүү жөндөмү
Кашык менен ичүү жөндөмү
Кийинүү жөндөмү
Туалетти пайдалануу жөндөмү
Өзүн күтүү жөндөмү
(жуунуу, сүртүнүү)